22:11
USD 87.45
EUR 95.09
RUB 1.01

Кыргызстанда ар бир мектепте өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын штаты ачылат

Кыргызстанда ар бир мектепте жашы жете электердин иштери боюнча инспектордун кабинеттери түзүлөт. Бул тууралуу КР Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мындай чечим бүгүн, 14-февраль күнү ИИМ министри Улан Ниязбеков менен билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаеванын жумушчу жолугушуусунда кабыл алынды.

Жолугушууда жашы жете электердин арасында укук бузуулардын алдын алууну күчөтүүгө жана окуу жайларда коопсуздукту камсыздоого, айрыкча, мектеп чыр-чатактары менен байланышкан акыркы окуяларга багытталган мындан аркы кадамдарды талкууланды.

Жолугушууда төмөнкү маселелерге басым жасалды:

«Өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлордун штатын көбөйтүү жана мектептерде жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кабинеттерин түзүү. Алдын алуу иштерин күчөтүү жана келип чыккан чыр-чатактарга ыкчам чара көрүү үчүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлордун штатын кеңейтүү мерчемделүүдө. Бул окуучулар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, «Тобокел тобундагы» балдарды аныктап, мугалимдер менен өз ара аракеттене турган кызматкерди ар бир мектепке бекитүүгө мүмкүндүк берет«,-деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле ар бир мектепте жаш өспүрүмдөрдүн иштери боюнча кабинет ачылып, бул мектеп окуучулары, ата-энелер жана мугалимдер үчүн инспекторлордун жеткиликтүүлүгүн арттырышы белгиленди. Мындай иш-чара конфликттик кырдаалдарга жооп кайтаруу процессин тездетип, окуу жайлардагы кырдаалды натыйжалуу көзөмөлдөөгө жана буллингтин, зомбулуктун жана жашы жете электердин укукка каршы ишке тартылган учурларын аныктоого мүмкүндүк берет.

Муну менен катар, видеобайкоо системасын кеңейтүү тууралуу сөз болуп, коопсуздукту камсыз кылуудагы маанилүү кадам, мектептердеги видеобайкоо тутумун модернизациялоо болору айтылды.

Белгилей кетсек, учурда Бишкектеги билим берүү мекемелеринде 214 видеокамера орнотулган, анын 144 КР ИИМ кырдаалдык борбору менен байланышылган. Ошондой эле айрым мектептерде кырдаалды билдирүү үчүн «Коопсуз баскычтары» орнотулган.

Талкуунун жүрүшүндө видеобайкоо тармагын кеңейтүү мүмкүн болгон укук бузууларды каттоого гана мүмкүндүк бербестен, конфликттик кырдаалдардын санын азайтууга өбөлгө түзүүчү алдын алуунун таасирдүү куралы болуп калаары баса белгиленди.

Мындан сырткары, Ички иштер министрлиги менен Билим берүү министрлиги маалымат алмашууну, биргелешкен түшүндүрүү иш-чараларды өткөрүүнү жана мугалимдер менен ишти күчөтүүнү камтыган өз ара аракеттенүүнүн комплекстүү пландарын иштеп чыгууну макулдашылды. Бул чаралар ыңгайлуу билим берүү чөйрөсүн түзүүгө жана мектеп окуучуларын кылмыштуу кол салуулардан коргоого багытталган.

Жолугушуунун соңунда балдардын коопсуздугун камсыз кылуу мамлекеттик органдардын ишинин артыкчылыктуу багыты бойдон калаары белгиленди.

Эң көп окулган жаңылыктар