Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында вице-мэр Таалайбек Байгазиев электр энергиясын үнөмдөө боюнча аткарыла турган иштерге токтолду.
Анын айтымында, Фрунзе көчөсүндөгү жылуулук тармактары толугу менен алмаштырылат. Мындан тышкары, мэрия инвесторлор менен жаңы «Бишкексельмаш» ТЭЦинин курулушун талкуулоону көздөөдө.
Дагы бир вице-мэр Мирлан Багончоков мэрия Азия өнүктүрүү банкы менен энергияны үнөмдөөнүн жаңы механизмдерин киргизүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын билдирди.