Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары жыйынга эки саатта араң чогулушту

12:27, 14 февраля 2025, Бишкек - uzsushi.com

Бүгүн, 14-февралда Бишкек шаардык кеңешинин үчүнчү сессиясы өтүүдө. Жыйын саат 9:00гө белгиленген, бирок депутаттар саат 11:15те гана араң чогулушкан.

Жыйындын башында депутат Болот Ибрагимов буга нааразычылыгын билдирди: "Кесиптештер, жыйын саат 9:00дө башталышы керек болчу. Мен бул жерде 8.50дөн бери отурам. Бул нормалдуу деп ойлойсузбу?

Шаардык кеңештин төрагасы Бекжан Үсөналиев айтылган пикирди эске аларын убада кылды.