12:43
USD 87.45
EUR 95.09
RUB 1.01

Мыйзамсыз менчиктештирилген «Орлёнок» балдар лагери мамлекетке кайтарылды

Жайыл районунда мыйзамсыз менчиктештирилген «Орленок » балдар лагери мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган балдар лагери 1994-жылы Жайыл районунун айрым кызмат адамдары тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен. Лагердин жалпы аянты 41200 чарчы метрди түзөт жана Боксо-Жол айылынын аймагында жайгашкан. Кийинчерээк аталган лагерь эс алуу жайына айландырылган.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында аталган объекттин ээси мыйзамсыз ээлик кылуу жана пайдалануу фактысын мойнуна алып, аны Жайыл районунун Талды-Булак айыл өкмөтүнүн балансына өз ыктыяры менен өткөрүп берген.

Эң көп окулган жаңылыктар