Нарынбек Идиновду (Нарын Айып) акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 15-февралда саат 10:30да болот. Белгилүү журналист менен коштошуу Байтик Баатыр көчөсү, 1/4 корпус, 90-батир дареги боюнча болот.
Белгилүү журналист Нарынбек Идинов (Нарын Айып) Бишкекте 13-февралда дүйнө салды.Нарынбек Идинов 1952-жылы Нарын облусунун Жумгал районунда туулган. 1974-жылы Кыргыз улуттук университетинин физика факультетин бүтүргөн. 1975-1976 —жылы Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин физика факультетинде аяктаган. СССР Илимдер академиясынын Нефть-химиялык синтез институтунун аспирантурасын бүткөн.
Ал өлкөдөгү ар кандай маалымат каражаттарында — «Азаттык», КТРК, НТС, «Бешинчи канал», «Заноза» телеканалдарында иштеп, гезиттерди чыгарып, аналитикалык берүүлөрдү алып барган.
Нарын Айыптын артында жубайы жана төрт кызы калды.