15:33
USD 87.45
EUR 95.09
RUB 1.01

ЖК Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымын кызматтан алууга макулдук берди

Жогорку Кеңеш Нуржан Шайлдабекованы Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы кызматынан бошотууга макулдук берди.

Эске салсак, Нуржан Шайлдабекова 2025-жылдын 10-февралында өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазган. Ал 2016-жылдын июнь айынан бери Борбордук шайлоо комиссиясын жетектеп келген.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн чечими менен Нуржан Шайлдабекованын ордуна Тынчтык Шайназаров дайындалды.

Эң көп окулган жаңылыктар