15:42
USD 87.45
EUR 95.09
RUB 1.01

Окуучунун өлүмү. Райондук билим берүү башчысы, мектеп директору кызматтан алынды

Кара-Суу районундагы Каратай айылындагы № 39 мектепте 9-класстын окуучусу каза болгондон кийин райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы кызматтан алынып, директор, мугалимдер жана социалдык кызматкер убактылуу иштен четтетилди. Бул тууралуу Ош облусунун Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Окуучунун өлүмүнө байланыштуу окуя жана көрүлгөн чаралар тууралуу акимчилик маалымат таратып, кайгылуу окуя 9-11-класстын окуучуларынын ортосунда чыккан чырдан улам болгонун билдирди.

12-февраль күнү саат 10:55-11:00 чамасында Каратай айылындагы № 39 Адылбек Султанов атындагы орто мектепте 9-11-класстын окуучуларынын ортосунда чыр чыгып, анын кесепетинен 9-класстын окуучусу Адилет Турдубаевге жеринде биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Андан кийин жабырлануучу Ош облустук ооруканасына жеткирилип, бирок дарыгерлердин аракетине карабай каза болгон.

Учурда Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын буйругу менен Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Акбермет Толтоева жана Манас айыл аймагынын Каратай айылындагы № 39 Адылбек Султанов атындагы орто мектептин директору Нурланбек Калмурзаев ээлеген кызматынан бошотулду. Ошондой эле директордун окуу, тарбия жана тарбия иштери боюнча орун басары Улпатхан Жунусалиева, окуу-тарбия иштери боюнча класстан тышкаркы иш-чаралардын уюштуруучусу Гүлсүнай Кулболдиева, социалдык кызматкер Анаркан Шайымкулова, 11-класстын класс жетекчиси Жыпар Жакыпова, 9-класстын класс жетекчиси Нурз А.Баитова ээлеген кызматынан бошотулду.

Райондук билим берүү бөлүмүнүн буйругу менен мектептин директорунун милдетин аткаруучу болуп математика мугалими Мисрат Оморалиева дайындалды.

Эске салсак, 12-февралда Ош облусунун Кара-Суу районунда 9-класстын окуучусу сабалып каза болгон. Денеге оор залал келтирүү фактысы боюнча шектүү катары 2007-жылы туулган окуучу кармалды. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Эң көп окулган жаңылыктар