22:11
USD 87.45
EUR 95.09
RUB 1.01

Салык кызматы 2024-жылы 21,5 миллиард сом карыз өндүргөн

Мамлекеттик салык кызматы салык жана камсыздандыруу карыздарын кыскартуу боюнча иш-аракеттеринде олуттуу жылыш болгонун билдирди. 2024-жылы республикалык бюджетке 21 миллиард 553 миллион сом чогултуу мүмкүн болгон. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

салык карызы боюнча 18 млрд 690,3 млн сом;

камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча 2 млрд 854,7 млн сом өндүрүлгөн.

Белгилей кетсек, натыйжалуу санариптик куралдарды жана салык төлөөчүлөр үчүн салык милдеттенмелерин аткарууну жөнөкөйлөтүүчү жана пайдалуу кызматтарды киргизүү бул көрсөткүчтөргө жетүүгө өбөлгө түздү.

Эң көп окулган жаңылыктар