21:17
USD 87.45
EUR 95.09
RUB 1.01

ЖККУ Кыргызстандын бир катар аткаминерлерин сыйлады

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин чечимине ылайык, Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Кыргызстандын бир катар кызмат адамдарына ЖККУнун сыйлыктарын тапшырды. Бул тууралуу уюмдун Telegram-каналында кабарланды.

ЖККУ
Фото ЖККУ. ЖККУ Кыргызстандын бир катар аткаминерлерин сыйлады
Уюмдун өнүгүшүнө жана бекемделишине кошкон зор салымы үчүн өлкөнүн министрликтеринин жана ведомстволорунун өкүлдөрү ЖККУнун I жана II даражадагы Ардак белгилери, ЖККУнун Ардак грамоталары, ошондой эле «Жамааттык коопсуздукту чыңдаганы үчүн» жана «Тынчтыкка бирге» медалдары менен сыйланышты.

ЖККУнун I даражадагы Ардак белгиси:

Марат Иманкулов, КР Коопсуздук кеңешинин катчысы;

Муратбек Азымбакиев, КР президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;

Бактыбек Бекболотов, КР коргоо министри.

ЖККУнун II даражадагы Ардак белгиси:

Марат Маралбаев, КР УКМКсынын Чек ара кызматынын директорунун биринчи орун басары — Башкы штабдын начальниги.

ЖККУ ЖКК Ардак грамотасы:

Жолдошбек Мамбеталиев, КР президентинин администрациясынын Кырдаалдык борборунун директору;

Тургунбек Дооронбеков, КР президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн эксперти;

Асхат Муратканов, КР ИИМ ББ Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын башчысы;

Абзалбек Эргешов, КР Коргоо министрлигинин Эл аралык аскердик кызматташтык башкармалыгынын Тышкы байланыштар жана верификация бөлүмүнүн улук офицери.

«Жамааттык коопсуздукту чыңдаганы үчүн» медалы:

Ааламбек Арыков, КР УКМК Чек ара кызматынын укуктук камсыздоо башкармалыгынын мыйзам чыгаруу иши башкармалыгынын начальниги;

Айчүрөк Набиева, КР ИИМ МКББ ага инспектору.

Эң көп окулган жаңылыктар