Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин базасында Министрлер кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги түзүлдү. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
«Дене тарбия жана спорт боюнча көз карандысыз мамлекеттик органды түзүү каралып жаткан тармакты натыйжалуу өнүктүрүү үчүн ыйгарым укуктарды жана ресурстарды топтоштурууга, программалардын үзгүлтүксүздүгүн, спорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө, ошондой эле аталган чөйрөдө өлкөнүн кызыкчылыктарынын эл аралык деңгээлде туура өкүлчүлүгүн камсыз кылууга мүмкүндүк берет», — деп айтылат документте.