21:19
USD 87.45
EUR 95.09
RUB 1.01

ТИМ башчысы эки тараптуу мамилелердин тарыхында биринчи жолу Оманга барат

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 11-12-февралда кесиптеши Саид Альбусаидинин чакыруусу боюнча эки тараптуу мамилелердин тарыхында биринчи жолу Оман Султанатына расмий сапар менен барат. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Сапардын алкагында тышкы саясат мекемелеринин башчыларынын сүйлөшүүлөрү мерчемделген, анын жүрүшүндө кыргыз-оман кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, саясий өз ара аракеттенүү, соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарды өнүктүрүү, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагындагы кызматташтык талкууланат.

Жээнбек Кулубаев Омандын жетекчилиги жана бир катар мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүп, эки тарапты кызыктырган тармактарда кызматташууну кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулайт.

Эң көп окулган жаңылыктар