Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитети Ысык-Көлдө гидроциклдерди тебүүгө тыюу салган мыйзам долбоорун жактырды.
Эске салсак, документ депутат Элдар Сулайманов тарабынан «Ысык-Көлдүн аймагында гидроциклдерди — ичтен күйүүчү кыймылдаткычы бар жогорку ылдамдыктагы жеке суу транспортторун колдонууга тыюу салуу максатында» иштелип чыккан.
Ал экологиялык нормаларды жана коопсуздук эрежелерин милдеттүү түрдө сактоо менен Ысык-Көлдүн атайын бөлүнгөн туристтик аймактарында, эл жана эс алуучулар көп катталбаган төрт такттуу жана электр кыймылдаткычтары бар гидроциклдерди жана мотороллерлерди гана колдонууга уруксат берүүнү сунуштоодо.
Элдар Сулаймановдун айтымында, 2024-жылы гидроциклдерди тебүүчүлөрдүн күнөөсү менен көлдө үч адам каза болгон.