17:48
USD 87.45
EUR 95.50
RUB 1.02

Кыргызстандык мушкерлер Испанияда өткөн эл аралык турнирде 4 медаль жеңди

Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү «Boxam» эл аралык мелдешинде 4 медаль (1 алтын 1 күмүш, 2 коло) жеңди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Алсак, 67 кг чейинки Ихтияр Нишанов алтын медалга ээ болду. Ошондой эле 57 кг чейинки салмакта катышкан Ислам Төрөбаев күмүш медалга жана Санжай Сейдакматов (54 кг) жана Нурадин Рустамбек уулу (75 кг) коло медалга татыды.

Эске салсак, улуттук курам башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулу жана улук машыктыруучу Акыйкат Абаевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

Эң көп окулган жаңылыктар