Кыргызстанда 2025-жылдын 3-февралынан 9-февралына чейинки бир жумада курч респиратордук вирустук инфекциялардын 10 миң 407 учуру жана сасык тумоонун 30 учуру катталды. Бул тууралуу uzsushi.com басылмасына Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти.
Мекеменин маалыматына караганда, оорунун көрсөткүчү өткөн жумага салыштырмалуу 0,9 пайызга азайган. 3,9 пайызы же 407 учур ооруканага жаткырылган.
Республикалык ооруга чалдыгуу көрсөткүчүнүн ашуусу Ош шаарында 1,9 эсеге, Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облусунда 1,7 эсеге, Чүй облусунда 1,3 эсеге көбөйгөн.
Сасык тумоо, курч респиратордук вирустук инфекциялар жана COVID-19 боюнча эпидемиологиялык абалга мониторинг уланууда.