Өзгөндө 5 миллион 200 миң сомго Манастын эстелиги тургузулду

15:22, 10 февраля 2025, Бишкек - uzsushi.com

Өзгөндө Манастын жаңы эстелигинин ачылышы болду. Бул тууралуу Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Манастын мурунку айкели убакыттын өтүшү менен эскирип, алмаштырууну талап кылган. Жезден жасалган эстеликти жасоого Ош облусун өнүктүрүү фондунан 3 миллион сом, жергиликтүү бюджеттен 100 миң 823 сом бөлүнгөн.

Бюст турган жерди капиталдык оңдоого жергиликтүү бюджеттен 2 млн 185 миң сом сарпталган. Эстеликтин бийиктиги 3 м 65 см, туурасы 1 м 60 см.

Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү
Архитектуралык курулуштун ачылышына президенттин ыйгарым укуктуу өкүл Элчибек Жантаев, Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов, Эл артисти Жолболду Алыбаев, ардагерлер, манасчылар, акындар жана башкалар катышты.