21:21
USD 87.45
EUR 95.09
RUB 1.01

Пуэрто-Рикодо Кыргызстандын эки жараны кармалды

Пуэрто-Рикодо Кыргызстандын эки жараны кармалды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги ЖМКларга жарыяланган маалыматтарга жооп берди.

Тышкы иштер министрлиги алдын ала маалыматтар боюнча, АКШнын иммиграциялык мыйзамдарын бузду деген шек менен Пуэрто-Риконун жээк зонасында АКШнын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан Кыргызстандын эки жараны кармалып, Флорида штатынын убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Кыргызстандын АКШдагы элчилиги тарабынан кыргызстандыктардын кармалышы боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Буга чейин Пуэрто-Рикодо 100 чет элдик, анын ичинде Кыргызстандын жарандары кармалганы маалымдалган. Алардын бардыгы депортациялоо алдында турат.

Эң көп окулган жаңылыктар