17:45, 07 февраля 2025, Бишкек - uzsushi.com
Бишкектеги Орто-Сай базарында таштандыларды сорттоочу жай ачылды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Муниципалитеттен билдиришкендей, эко-аянтча Безымянная көчөсүндө жайгашып, санитардык-гигиеналык нормаларды эске алуу менен курулган.
Аянтчанын жалпы аянты 70 чарчы метрди түзөт, анда 10 контейнер, бир видеокөзөмөл камерасы орнотулган. Ошондой эле борбордук байланыш системалары — суу, канализация жана электр энергиясы кошулган.
Таштанды контейнерлери жамгырдан, кардан коргоо үчүн атайын бөлүнгөн жерге, чатырдын астына коюлду. Эми базардан чыккан таштандыларды атайын адис иргейт жана ага бардык шарттары бар өзүнчө бөлмө даярдалды.
Белгилей кетсек, аталган долбоордун алкагында базардын аймагында дагы бир ушундай пункт курулууда.