Каракол аэропортунун учуу тилкесин кеңейтүү үчүн 38 гектар жер бөлүнөт. Министрлер кабинетинин тиешелүү токтомуна Адылбек Касымалиев кол койду.
Документке ылайык, «Каракол» эл аралык аэропортунун учуп-конуу тилкесин кеңейтүү үчүн 38,3 гектар айыл чарба жери өнөр жай жана транспорттук аймактар категориясына өткөрүлөт.
Аэропорттун кеңейтилишине Ак-Суу районунун Алтын-Арашан айылындагы аймактар кирет.
Жергиликтүү бийлик органдары төмөнкүлөргө милдеттүү:
жерди каттоо документтерине өзгөртүүлөрдү киргизүү;
территориянын максаттуу багыты боюнча так пайдаланылышын камсыз кылуу;
курулуш нормаларын эске алуу менен шаар куруу документтерин иштеп чыгуу;
мүмкүн болуучу табигый тобокелдиктердин мониторингин камсыз кылуу;
тарыхый жана маданий мурастарды коргоону уюштуруу жана курулуш иштерине археологдорду тартуу;
туура эмес пайдаланылган учурда жерди баштапкы абалына кайтарып берүү.
Эске сала кетсек, аэропорт 2018-жылы ишин токтотуп, 2022-жылы масштабдуу реконструкциялоо иштери башталган. 2024-жылдын 11-декабрында аэропорт реконструкциядан кийин кайра ачылган.