22:17
USD 87.45
EUR 95.09
RUB 1.01

Январь айында салык кызматы 22,5 миллиард сом салык жана төлөмдөр чогулткан

Үстүбүздөгү жылдын январь айында Мамлекеттик салык кызматы 22 миллиард 554 миллион сом салык жана төлөмдөрдү чогулткан. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Ведомстводон белгилешкендей, пландык көрсөткүчтөр 3 млрд 418,3 млн сомго ашыгы менен аткарылды. Түшүүлөр 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6,05 млрд сомго көбөйгөн.

Мындан сырткары, Салык кызматы 6 млрд 714,4 млн сом камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту, бул белгиленген пландан 814,4 млн сомго көп. 2024-жылдын январь айына салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасы 839,8 млн сомго өстү.

Ошентип, чогултулган салыктардын жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жалпы суммасы ушул жылдын январь айында 29 млрд 268,4 млн сомду түздү.

Эң көп окулган жаңылыктар