18:18
USD 87.45
EUR 94.92
RUB 1.03

Балыкчы-Кочкор жолундагы унаа кыймылына чектөө киргизилет. Бургулоо иштери жүрөт

Балыкчы-Кочкор жолунда айрым аймактарда бургулоо жана жардыруу иштери жүрүп жаткандыктан, бүгүнтөн тарта унаа кыймылына чектөө киргизилет. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» УК" мамлекеттик ишканасы билдирди.

Маалыматка ылыйык, 2025-жылдын 7-февралынан 3-мартына чейин Кубакы ашуусундагы бурулушка чейинки тилкеде унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет. Балыкчы-Кочкор темир жолун куруу долбоорунун алкагында бургулоо жана жардыруу иштери жүргүзүлүүдө.

Жол тилкелери дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү саат 8:00дөн 17:30га чейин жабык болот.

Айдоочулар жана жүргүнчүлөр маршрутту пландаштырууда бул маалыматты эске алуусун жана альтернативалык каттамдарды алдын ала тандап алуусун өтүнөт.

Эң көп окулган жаңылыктар