15:36
USD 87.45
EUR 95.09
RUB 1.01

Швейцария Гүлнара Каримованын 182 миллион долларын Өзбекстанга кайтарып берет

Getty Images/BBC
Фото Getty Images/BBC

Өзбекстан менен Швейцария 2016-жылдын 2-сентябрында каза болгон Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримовдун кызы Гүлнара Каримованын конфискацияланган мүлктөрүн кайтарып берүүнү макулдашты. Бул тууралуу Өзбекстандын Юстиция министрлигинин Telegram-каналында кабарланды.

6-февралда Өзбекстандын юстиция министри Акбар Тошкулов менен Швейцариянын Өзбекстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Константин Оболенский «Конфискацияланган мүлктөрдү бөлүштүрүү боюнча келишимге» кол коюшту. Бул келишимдин алкагында Швейцария 182 миллион долларды кайтарып берет.

Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, бул каражаттар 2012-жылы Швейцариянын Башкы прокуратурасы Гүлнара Каримовага каршы козголгон кылмыш ишинин алкагында конфискацияланган.

Бардык активдер БУУнун алдында иш алып барган Өзбекстандын Vision 2030 көп өнөктөштүк трасттык фонду аркылуу саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармагындагы долбоорлорго багытталат.

2020-жылы Каримова бюджеттик каражаттарды уурдоо жана салык төлөөдөн качкан деген айып менен 13 жылга эркинен ажыратылган. Анда Швейцария Өзбекстанга 131 миллион доллар кайтарып берген. Өзбекстандык Gazeta.uz басылмасынын маалыматы боюнча, Каримовага таандык Европа өлкөлөрүндөгү активдердин жалпы суммасы дээрлик 1,4 миллиард долларга бааланууда.

Эң көп окулган жаңылыктар