12:44
USD 87.45
EUR 95.09
RUB 1.01

Жаңы гимн: Маданият министрлиги тексттин жаңы вариантына сынак жарыялайт

Маданият министрлиги мамлекеттик гимндин текстинин жана музыкасынын жаңы вариантына республикалык сынак жарыялайт. Бул тууралуу аталган мекеменин жетекчисинин орун басары Тимурлан Ажымалиев гимнди өзгөртүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын биринчи отурумунда билдирди.

Анын айтымында, сынактын максаты — элдин тарыхый мурасын, маданиятын, биримдигин чагылдырган чыгарма жаратуу. Ага композиторлор, акындар, музыканттар жана чыгармачыл топтор чакырылган.

Эске салсак, буга чейин Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу гимнди өзгөртүү зарылдыгын билдирген. Ал «мамлекеттик гимн баарына оңой ырдалгыдай жана бирдей ыргакта болушу керек» деген пикирин билдирген. Бул демилгени президент Садыр Жапаров да колдогон.

Эң көп окулган жаңылыктар