17:34, 06 февраля 2025, Бишкек - uzsushi.com
Бишкекте 7-9-февраль күндөрү Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин спорт комплексинде оор атлетика боюнча Кыргызстандын кубогу өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинин соцтармактагы баракчасында айтылат.
Маалыматка ылайык, мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат.
Жеңүүчүлөргө «Ынтымак» Олимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр мектеби тарабынан тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылат
Спортчулар төмөнкү салмак категорияларында күч сынашат.
Кыз-келиндер: 45, 49, 55, 59, 64, 71, 76, 81, 87, +87 кг;
Эркектер: 55, 61, 67, 73, 81, 89, 102, 109, +109 кг.