15:42
USD 87.45
EUR 95.09
RUB 1.01

ЖК депутаттары кыргыз тилдүү мектептерде билим деңгээлин көтөрүүнү талап кылышты

Бүгүн, 6-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Билим берүү министрлигинин башчысы Догдуркүл Кендирбаевадан кыргыз тилинде окуткан мектептерде билим берүүнүн деңгээлин көтөрүүнү талап кылышты.

Депутат Эльдар Абакиров аймактарда жалпы билим берүү мекемелеринин бүтүрүүчүлөрүнүн ЖРТнын орточо баллы 110-120 балл болуп жатканын белгиледи.

«Мисалы, өткөн жолу парламентке министр келди. Ал күчтүү IT адис, бирок орус тилдүү мектепти аяктаган. Тилекке каршы, кыргыз мектептеринде алтын сертификат алгандар дээрлик жок. Мен бир жылдан бери сизге бул маселе боюнча кат жазып келем, бирок сиз буга көңүл бурбайсыз. Кыргыз тилдүү мектептерге өзүнчө алтын сертификаттарды берүүнү суранам. Алардын билим деңгээлин жогорулатуу боюнча программаны кабыл алуу керек», — деди ал.

Аны кесиптеши Камила Талиева дагы бул маселени колдоп, орус мектептер айылдан алыс жайгашканына карабай аймактардагы ата-энелер балдарын орус класска берип жатканын белгиледи.

Эң көп окулган жаңылыктар