Ош облустар аралык онкология борборунун директору кадрдык резервди сынактык тандоодон кийин дайындалат. Бул тууралуу uzsushi.com басылмасына Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Ведомство ооруканада директордун милдетин аткаруучу Денис Касымов бар экенин белгиледи.
Министрлик сынактын мөөнөтүн тактаган жок.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Таалайбек Сарыбашов аталган медициналык мекеменин жетекчисин дайындоо талабын койгон. Анын айтымында, «имарат суук, дары-дармек жетишсиз, эл кыйналып жатат».