«Эл Үмүтү» стипендиясынын алуучулары өз өлкөсүндө иштөөдөн баш тартышат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди.
Ал белгилегендей, министрлик 2024-жылы чет өлкөлүк ЖОЖдордо окуусун аяктагандан кийин мамлекеттик кызматта иштөөгө же аларга жумшалган каражатты мамлекетке кайтарууга милдеттүү деген норма киргизилген.
«Бүтүрүүчүлөрдү бош орундарга чакырабыз, бирок алар келбейт», — дейт Догдуркүл Кендирбаева.
Эл өкүлдөрү президент тарабынан демилгеленген мыйзам долбоорун экинчи окууда талкуулап жатышат. Садыр Жапаров «Акылман» президенттик лицейинин бүтүрүүчүлөрүн жана Кыргыз Республикасынын Президентинин «Эл үмүтү» эл аралык стипендиясы боюнча билим алган чет өлкөлүк жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүн мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматтын кадрдык резервине конкурстан тышкаркы негизде кабыл алууну сунуштаган.