12:24, 03 февраля 2025, Бишкек - uzsushi.com
Алымкадыр Бейшеналиев саламаттыкты сактоо министри кызматынан бошотулду. Маалыматты uzsushi.com басылмасына министрлер кабинетинин басма сөз кызматы тастыктады.
Себеби азырынча айтыла элек.
Белгилей кетсек, бүгүн, 3-февралда Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынына катышып, депутаттар Улуттук онкология жана гематология борборундагы кырдаалды талкууламакчы болушкан. Чиновник жыйынга келген жок, эл өкүлдөрү анын келишин талап кылышты.