Бүгүн, 29-январда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Дастан Бекешев кумшекерди колдонууну азайтуу өтүнүчү менен жарандарга кайрылды.
Эл өкүлү «Чай менен кантты ичпегиле, балдарга шире жана кока-кола сатып албагыла. Бул өтө зыяндуу продукт», — деди.
Депутаттын айтымында, көпчүлүк жарандар алкоголдук ичимдиктер менен тамекинин зыянын билишсе, канттын зыяны тууралуу билишпейт.
Ал ошондой эле Саламаттыкты сактоо министрлигинен канттын зыяндуулугу тууралуу маалымат таратууну суранды.