Төө-Ашууда кар көчкүнү мажбур, атайын түшүрүү иштери башталды

14:07, 24 января 2025, Бишкек - uzsushi.com

Төө-Ашуу ашуусунда кар көчкүлөрүн мажбур, атайын түшүрүү иштери башталганын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.

Фото Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы. Төө-Ашууда кар көчкүнү мажбурлап түшүрүү иштери башталды

Аталган башкармалык артиллериялык бригадалардын жардамы менен Бишкек-Ош унаа жолунун 132, 133, 135-чакырымдарында жана Талас-Суусамыр-Тараз унаа жолунун 198-чакырымында тиешелүү иштер башталганын билдирди.

Кар көчкү учурунда транспорттун бардык түрлөрүнө чектөө киргизилет.

Өтмөк ашуусунда кар күрткүдөн кийин жолдун үстү тазаланып жатат.