22:35
USD 87.45
EUR 95.09
RUB 1.01

Кыргызстанда КРВИ жана сасык тумоо менен ооругандардын саны өсүүдө

Кыргызстанда 13-январдан 19-январга чейинки бир жумада курч респиратордук вирустук инфекциялардын 11 миң 761 учуру, сасык тумоонун 41 учуру катталды. Бул тууралуу uzsushi.com басылмасына Саламаттыкты сактоо министрлигинин оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.

Ведомствонун маалыматы боюнча, оорунун көрсөткүчү өткөн жумага салыштырмалуу 1,6 эсеге көбөйүп, эпидемия чегинен 15,9 пайызга жогору. Ооругандардын дээрлик 5 пайызы (же 563 бейтап) ооруканага жаткырылган.

Республика боюнча орточо көрсөткүчтөн жогору оорунун көрсөткүчү Бишкек жана Ош шаарларында, ошондой эле Ысык-Көл жана Чүй облустарында катталган.

Саламаттыкты сактоо министрлиги КРВИ жана сасык тумоонун жайылышын болтурбоо үчүн төмөнкү алдын алуу чараларын сактоо керектигин эскертет:

— коомдук жайларга баргандан кийин колду самындап жууп же дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу;

— КРВИ же сасык тумоо белгилери бар адамдардан өзүн алыс кармоо;

— жуулбаган кол менен бетиңизге тийбеңиз,

— дем алуу этикетинин эрежелерин сактоо (чүчкүргөндө жана жөтөлгөндө мурунду бүгүлгөн чыканак же бет аарчы менен жабуу),

— КРВИ менен ооругандардын сезондук өсүшү байкалса, коомдук жайларга барууда беткаптарды колдонуу, социалдык аралыкты сактоо.

"Өлкөдөгү КРВИ жана сасык тумоо боюнча эпидемиологиялык абал көзөмөлдө",-деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар