Президенттин иш башкармалыгы башчысы К. Туманбаев «Манас» ордени менен сыйланды

12:30, 23 декабря 2024, Бишкек - uzsushi.com

Садыр Жапаров президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаевди III даражадагы «Манас» ордени менен сыйлады.

Тиешелүү жарлыкка мамлекет башчы кол койду.

Жогорку сыйлык «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКнын өлкө боюнча турак жайларды куруудагы ишмердигин илгерилетүү, «Каракол эл аралык аэропорту» долбоорун ишке ашырууга кошкон салымы, ошондой эле кесиптик ишмердүүлүгүндөгү олуттуу жетишкендиктери үчүн ыйгарылды.