21:18
USD 87.45
EUR 95.09
RUB 1.01

Ала-Тоо аянтында бир адам унаа дөңгөлөгүнүн астында калды. Ооруканага жаткырылды

Бишкекте бүгүн, 23-декабрда эртең менен саат 9.00дөр чамасында унаа бир адамды койуп кеткен. Бул тууралуу uzsushi.com басылмасына окурман кабарлап, кырсык болгон жерден видео жөнөткөн.

Кадрларда Ала-Тоо аянтында жөө адамдар өтүүчү өтмөктүн артында жеңил унаа жана тез жардам унаасы турганын көрүүгө болот.

Бишкек шаардык медициналык тез жардам борборунун директорунун орун басары Егор Борисов uzsushi.com агенттигине билдиргендей, кырсыктан 30 жаштагы адам жабыркаган. Ал билеги сынып ооруканага жаткырылган.

Эң көп окулган жаңылыктар