01:10
USD 87.45
EUR 95.09
RUB 1.01

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кызматтан кетти

Бүгүн, 16-декабрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматтан бошотулду. Бул тууралуу жарлыкка Президент Садыр Жапаров кол койду.

Ага ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 71-беренесине ылайык министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Жапаров Акылбек Усенбекович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду.

Эске салсак, Акылбек Жапаров 2021-жылдын 13-октябрынан бери Министрлер кабинетин жетектеп келген. 60 жаштагы Акылбек Жапаров бир канча жолу Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Мурун экономика жана каржы министрлигин да жетектеген.

Эң көп окулган жаңылыктар