09:19, 16 декабря 2024, Бишкек - uzsushi.com
Кечээ Тогуз-Торо районундагы Саймалуу-Таш мектебинде өрт чыккан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Ведомстводон билдиришкендей, өрт саат 22:28де өчүрүлгөн. Өрттү өчүрүүгө облустук өрткө каршы кызматынын эки бөлүмү тартылган.
Өрт өчүрүүчүлөр жергиликтүү тургундардын жардамы менен китептерди, парталарды жана башка мектеп эмеректерин алып чыгышты.
Окуянын келип чыгуу себептери жана материалдык чыгым такталууда.
Бактыга жараша жабыр тарткандар жок.