Коргоо министринин жардамчысы пара алып жаткан жеринен кармалды

13:38, 13 декабря 2024, Бишкек - uzsushi.com

Атайын кызмат коргоо министринин жардамчысын кармашты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борборунан билдиришти.

Атайын кызмат Аскер прокуратурасы менен биргеликте КР Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда («Мамлекеттик же муниципалдык кызматтын тутумунда кызмат берүү үчүн пара алуу») каралган кылмыш ишинин алкагында коргоо министринин жардамчысы полковник О.У.Ж. кармалды.

Аткаминер 2024-жылдын 25-майында ал Бишкек шаарынын Аскер комиссариатынын Октябрь райондук бөлүмүнүн кызматкери О.Т.Б.дан Коргоо министрлигинин аймактык бөлүмүнүн комиссариатына которуу үчүн 100 миң сом алган.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында, 2024-жылдын 12-декабрында полковник О.У.Ж. Коргоо министрлигинин Бишкек гарнизонунун аскер комендатурасынын башкармалыгына киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.