Караколдо жаңы аэропорт ачылды. Жүргүнчүлөрдү ташыган биринчи учак конду

15:29, 11 декабря 2024, Бишкек - uzsushi.com

Каракол шаарында калыбына келтирилген аэропорттун салтанаттуу ачылышы болду. Иш-чарага жергиликтүү тургундар, бийлик өкүлдөрү жана өлкө президенти Садыр Жапаров катышты.

Фото

«Асман аба жолдору» мамлекеттик авиакомпаниясынын Dash 8 Q400 учагы Бишкектен учуп, жарым сааттан кийин салтанаттуу иш-чара өткөн Каракол эл аралык аэропортуна келип жетти.

Белгилей кетсек, экинчи Ысык-Көл аэропорту саатына 250 жүргүнчүнү кабыл алат. Анын жалпы аянты 8 миң чарчы метрге жакын.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын май айында өлкө президенти Садыр Жапаров Кыргызстанда 2026-жылга чейин Улуттук өнүктүрүү программасынын алкагында аэропорттордун инфраструктурасы жакшырып, ички авиакаттамдар калыбына келтириле турганын айткан. Бул тууралуу ал Каракол аэропортун модернизациялоо долбоорунун капсуласын салуу учурунда билдирген.