09:51
USD 87.45
EUR 94.92
RUB 1.03

Эртең Бишкектин эки конушунда муздак суу болбойт. Карта

Эртең, 22-октябрда Бишкектин эки конушунда муздак суу болбойт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өчүрүү «Ала-Тоо» жаңы конушундагы суу алгычтагы жана шаардык суу түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу токтотулат.

Саат 9.00дөн 20.00гө чейин «Ала-Тоо 1» жана «Ала-Тоо 2» конуштарында суу болбойт.

«Бишкексууканал» мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Эң көп окулган жаңылыктар