18:45
USD 87.45
EUR 94.92
RUB 1.03

Ала-Тоо аянтын оңдоо. Бишкектиктер кемчиликтерге нааразы болушууда

Жаңыдан реконструкцияланган Ала-Тоо аянтында кемчиликтер бар. Бул тууралуу uzsushi.com басылмасына окурман билдирди.

«Алдыңкы жагы жасалды, бирок Киев көчөсүнүн капталында терезелери сынып, капталдары кулап түшкөн. Мэрия уялбайбы?». — деп сурайт ал.

Буга чейин борбор калаа тургундары Ала-Тоо аянтындагы мрамор мамычалар шыбаланганын билдиришкен.

Эске сала кетсек, Эгемендүүлүк күнүнө карата Бишкек шаардык мэриясы Ала-Тоо аянтын реконструкциялаган. Жаңы флагшток орнотулуп, түстүү от фонтандары орнотулган.

Эң көп окулган жаңылыктар