Баткен облусундагы «Баяман баатыр» базарында чыккан өрт өчүрүлдү

10:43, 21 мая 2024, Бишкек - uzsushi.com

Баткен облусундагы «Баяман баатыр» базарында чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, И.Полотхан айылында жайгашкан «Баяман баатыр» базарында өрт чыккандыгы тууралуу маалымат саат 4:29да түшкөн.

Жеринде 4 күжүрмөн эсеп, 20 өрт өчүрүүчү-куткаруучу жумуш алып барып, саат 6:54тө толугу менен өчүрүлдү.

Учурда өрттүн чыгуу себеби жана материалдык чыгымдар такталууда.