«Ысык-Көл» аэропортунун тосмосу кайрадан кулап калды

15:50, 20 февраля 2024, Бишкек - uzsushi.com

«Ысык-Көл» аэропортунун тосмосу экинчи жолу кулап калды. Маалыматты uzsushi.com агенттигине «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы тастыктады.

Белгиленгендей, тосмо 17-февралда катталган катуу шамалдан улам кулаган. «Манас» аэропорту калыбына келтирүү маселеси боюнча азырынча комментарий бере элек.

Turmush
Turmush
Turmush

Эске салсак, Тамчы аэропортунун айланасындагы тосмолор 2023-жылдын март айында болгон шамалдан улам тургузулгандан кийин эки айга жетпей урап түшкөн. Ал өткөн жылдын январь айында курулган.