10:09
USD 87.45
EUR 94.92
RUB 1.03

Жалал-Абаддагы жаңы аэропорттун курулушу үчүн жер табылды

Жалал-Абадда жаңы аэропорт куруу үчүн Сузак районунун Багыш айыл аймагынын Ой-Талаа айылынан жер табылды. Маалыматты uzsushi.com басылмасына «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан тастыкташты.

Белгиленгендей, министрлер кабинетинин тиешелүү буйругу бар. Мамлекеттик жарандык авиация агенттигине «Жалал-Абад» аэропортун которуу үчүн жер тилкесине тийиштүү аэронавигациялык, метеорологиялык жана башка зарыл изилдөөлөрдү жүргүзүү сунушталды.

«Манас» эл аралык аэропорту техникалык тапшырманы даярдоону баштады, андан соң долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгууга тендер өткөрүлөт, андан кийин курулушка тендер жарыяланат. Азырынча каржылоо маселеси жана ким курары чечиле элек. Азыр Жалал-Абад аэропорту аймактык макамга ээ. Жаңысы курулгандан кийин ал эл аралык статуска ээ болот», — деп билдиришти мекемеден.

uzsushi.com агенттигинин өз булактарынан аэропортту көчүрүү боюнча зарыл болгон изилдөөлөр Москва долбоорлоо институтунун адистери менен биргеликте жүргүзүлөрү белгилүү болду.

Эң көп окулган жаңылыктар