Бишкекте № 24 мектеп эвакуацияланууда

11:31, 06 декабря 2023, Бишкек - uzsushi.com

Бишкекте № 24 мектеп эвакуацияланууда. Бул жөнүндө uzsushi.com агенттигине окуянын күбөсү билдирди.

Анын айтымында, окуу жай курчоого алынып, ал жерде укук коргоо органдарынын кызматкерлери жүрүшөт.

Белгилей кетсек, өткөн жумада № 67 жана үч жолу № 33 мектеп эвакуацияланган. № 33 мектепте бомба коюлду делген кабарды 9-класстын окуучулары жөнөтүшүп, алар табылган.