12:07
USD 87.45
EUR 95.09
RUB 1.01

Исманкуловдун клиникасынын имаратына неврология бөлүмү ачылат

Саламаттыкты сактоо министрлиги Офтальмолог Алмазбек Исманкуловдун клиникасы жайгашкан №6 ооруканага караштуу имаратты оңдоп түзөөдөн өткөрөт. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.

Маалыматта министр Гүлнара Батырова оорукананын имараты менен таанышканы айтылат.

Бошогон жайга неврология бөлүмү жайгаштырылат.

Андан тышкары, 3-кабатын оңдоо иштери жүрөт.

Белгилей кетсек, Алмазбек Исманкулов бул имаратты бир нече жыл ижарага алып колдонуп келген. Жакында анын клиникасы чыгарылган.

Эң көп окулган жаңылыктар