21:41
USD 87.45
EUR 94.92
RUB 1.03

Бишкекте мечиттен өрт чыкты

Бишкектин Ибраимов көчөсүндөгү мечиттен өрт чыккан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, жалын мечиттин жанында жайгашкан 4 контейнерди каптаган.

Тилсиз жоо түнкү саат 02:00дөргө жакын катталып, аны өчүрүүгө жалпы үч күжүрмөн эсеп жана штаб тартылган. Өрт өчүрүүчүлөр түнкү саат 04:03тө өрттү толугу менен өчүрүшкөн.

Өрттүн кесепетинен жыгач устундуу калай менен жабылган жалпы аянты 230 чарчы метр мечиттин 1 бөлмөсү, кароолчу отурган бөлмө жана мечитке жанаша жайгашкан 4 контейнер толугу менен күйгөн.

Такталган маалыматка ылайык, жабыркагандар жок.

Эң көп окулган жаңылыктар