Президент Арменияга учуп кетти

10:00, 23 ноября 2022, Бишкек - uzsushi.com

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров баштаган делегация ЖККУнун кезектеги сессиясына катышуу үчүн Ереван шаарына жөнөп кетти. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Уюмга мүчө-мамлекеттердин башчылары ЖККУнун жоопкерчилик чөйрөсүндөгү учурдагы кырдаалды жана эл аралык коопсуздуктун актуалдуу маселелерин талкуулашат.

Мындан тышкары ЖККУга мүчө-мамлекеттердин ортосундагы шериктештикти бекемдөөгө, ошондой эле Уюмдун ишмердүүлүгүн жөнгө салууга багытталган бир катар документтерге кол коюу пландалууда.

Кыргызстандын расмий делегациясынын курамы:

- Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

- Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов;

- Коргоо министри Бактыбек Бекболотов;

- Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев.