Марат Орозбаев «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын башкы директору болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Бул кызматка дайындалганга чейин Марат Орозбаев мамлекеттик ишкананын директорунун орун басары болуп иштеген.
Эске салсак, аталган ишкананын мурдагы жетекчиси Мирлан Жакыпов энергетика министринин орун басары болуп дайындалган.