Муфтият 2020-жылы 15 миң 119 үй-бүлөнү шарияттык нике журналына каттады

16:54, 14 января 2021, Бишкек - uzsushi.com

Кыргызстанда бир жылда 15 миң 119 үй-бүлө нике журналына катталды. Бул тууралуу муфтият маалымдайт.

Муфтият имамдар никеге туруп жаткан жубайлардын өздүгүн тактоочу паспортторун талап кылып, 18 жашка толгон жарандарга гана шарияттын негизинде нике кыюу жөрөлгөсүн жүргүзөрүн белгилейт.

Шарияттык никени каттоо 2019-жылдын 12-июнунан бери жүрүүдө.