01:40
USD 87.45
EUR 94.92
RUB 1.03

Бишкекте кудуктан адамдын сөөгү табылды

Бишкектин Жукеев-Пудовкин көчөсүндөгү Онкология институтунун жанындагы жылуулук түтүгү өткөн кудуктан адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Маалыматка караганда, 47 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси 30-ноябрда саат 12:40та табылган.

Куткаруучулар маркумдун сөөгүн кудуктан чыгарышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Эң көп окулган жаңылыктар