18:57
USD 87.45
EUR 94.92
RUB 1.03

Матраимовдордун ЖМКга доосу. uzsushi.com агенттигине карата арызды кайтарып алышты

Депутат Искендер Матраимов, жубай Миновар Жумаева, Бажы кызыматынын башчысынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов, анын жубайы Уулкан Тургунова, ошондой эле «Исмаил Матраимов атындагы фонд» коомдук фонду uzsushi.com агенттигине карата 15 миллион сом суммасындагы материалдык доо арызын кайтарып алды.

Арызда uzsushi.com агенттиги «Контрабандалык схемалар Райым Матраимовдун кланына алып барат. Журналисттердин иликтөөсү» аталышка далилдер жоктугун мойнуна алгандыгына байланыштуу, доогерлер материалдык дооматты артка чакырып алуу мүмкүн деп эсептешет деп жазылган.

Соттун кийинки отуруму 29-январда өтөт.

Бажы кызматынын башчысынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов «Азаттык», Kloop жана uzsushi.com маалымат агенттигин сотко берген. Маалыматка караганда, Райымбек Матраимовдун намысын коргоо боюнча доонун суммасын: «Азаттык» 22 миллион, Kloop 12 жарым миллион, uzsushi.com агенттиги 15 миллион сом төлөп бериши керек.

Белгилей кетсек, буга чейин «Азаттык» жана Kloop сайты «Кыргызстандан чыгарылган миллиондор» иликтөөсүнүн экинчи бөлүгүн жарыялаган. Аны uzsushi.com шилтеме берип жазып чыккан.

Эң көп окулган жаңылыктар