Сургутта баңгизатын сатууга аракет кылган кыргызстандык 20 жылга кесилиши мүмкүн

09:28, 15 января 2020, Бишкек - uzsushi.com

Кыргызстандык жаран Сургутта баңгизатын сатууга аракет кылгандыгы үчүн 20 жылга кесилиши мүмкүн. Бул тууралуу Орусиялык ЖМК жазды.

Маалыматка караганда, 28 жаштагы кыргызстандык 2019-жылдын ноябрында жашыруун жол менен синтетикалык баңгизатын алып, андан ары Сургутта сатып жиберүүнү көздөгөн. Полиция мыйзамсыз жүгүртүлгөн 200 граммга жакын баңгизатын таап чыгышты.

Шектүү камакка алынды. Ал 20 жылга эркинен ажыратылып, миллион рубль өлчөмүндө айып төлөшү мүмкүн.